СОШ №1 г.КАРА-БАЛТА Кара-Балта шаарындагы №1 жалпы билим берүү орто мектеби

Ички тартиби

Мектеп жетекчилигинин милдеттери:

Мектеп жетекчилиги милдеттүү:

Мектептеги педагогдордун жана башка жумушчулардын өз кесиби менен иштөөгө, жумуш ордун бекитип берүүгө, өз убагында сабактардын жүгүртмөсү жана графиги менен тааныштырууга;
Ден соолугу жана эмгектин коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу жана жайларды жакшы абалда: жылытуу, жарык берүү, желдетүү жана башка жабдууларды зарыл болгон иш материалдардын болушу менен камсыздоо;
Билим сапатын текшерүүнүн негизинде сабактарга катышуу жана анализ берүү, административдик контролдук иштерди алуу, окуу пландарга, календарлык пландарга, сабактардын жүгүртмөсүнө, мамлекеттик окуу планынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү.
Техникалык кызматкерлер жана окуучулардын техникалык коопсуздугун, өрт коопсуздугун, санитардык-гигиеналык коопсуздук талаптарын жана көрсөтмөлөрүн билүүсүн,аткаруусун көзөмөлдөө.Мектеп окуучуларына берилүүчү тамакты көзөмөлдөө.
Дежур мугалимдин милдеттери:

Дежур мугалим сабак башталганга чейин 30 минута эрте келиш керек. Эгерде мектепте кандайдыр бир кырдаал болсо, мектеп директоруна жана анын орун басарына билдирүү;
Класстык журналдар, кабинеттин ачкычтарын көзөмөлдөйт.
Дежур толтурган журналды текшерип, окуучулардын сабакка кечигүүсүн, келбегендиги жөнүндө мектеп администрациясына билдирүү;
Мектепке сырттан келген коноктордун, ата-энелердин маалыматын алгандан кийин мектепке киргизүүгө;

Окуучулардын милдеттери:
Окуучулар мектепке мектеп аныктаган мектеп формасында, таза жана тыкан кийимде келүү;
Кыздардыкы:
Мектептин формасы-ак кофта, кара костюм, кара юбка (классика).
Балдардыкы:
Кара костюм, кара шым (классика), ак көйнөк,

Дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык сабактарынан атайын форма жана бут кийим кийишет. Эгер кандайдыр бир себептер менен (ВВК справка болсо)сабактан бошотулууга уруксат берилет.
Өзүнүн окуу жерин жана окууга керектүү керек-жарактарын алдыда боло турган сабакка даярдоого;
Ички эмгек тартиптин эрежелерин сактоого, өзүн-өзү башкаруу органынын чечимин жана директордун буйруктарын аткарууга;
Мектепте жана коомдук жайларда тартиптүү болууга, өзүн татыктуу, маданияттуу алып жүрүүгө;
Сабакка өз учурунда келүүгө,сабак калтырган учурда өз убагында класс жетекчиге догдурдан же ата-энеден күбөлөндүрүүчү каттарды алып келип көрсөтүүгө;
Мектептин мүлкүн сактоого, мектептин айланасындагы жашылдандырууларды сындырбоого, сындырса төлөп берүүгө;
Окуучулардын жана мектепте эмгектенген адамдардын кадыр-баркын сыйлоого.
Мектеп жана класстык дежурствого катышууга, коомдук ишти аткарууга.
Мектепке коюлган ички тартип, техника коопсуздугунун, санитария жана гигиена эрежелерин сактоого жана колдоого.

Окуучуларга тыюу салынат:
Окуучулардын мектепке боенуп келүүсүнө;
Кыздардын бийик така кийүүсүнө;
Кооздук үчүн бижутерияларды тагынууга;
Электр жана техникалык шкафтарды ачууга;
Ден соолукка зыян келтирүүчү заттарды, препараттарды, суусундуктарды колдонуу (алкоголь, токсиндер, тамеки, насвай ж.б)
Сабак учурунда телефон колдонууга;
Сабактарды себеби жок калтырууга.

Эгерде окуучу ички тартипти бузса:
Ата-энесине окуучунун жүрүм-турумун билдирүүгө;
Ата-энесин мектепке чакырууга;
Сөгүш берүүгө;
Окуучуну жана ата-энени педсоветке, административдик жыйналышка чакырууга;

Ата-энелердин милдеттери
1.Балдардын окуу куралдары, окуучулук форма жана бут кийим алмаштырууну камсыз кылууга.
2.Сабактан себепсиз калтырбоого жана кечиктирбөөгө.
3.Мектеп инвентарларын сындырса, же жоготсо төлөп берүүгө.
4.Сабактан кийинки убакытта окуучунун жүрүм-турумун көзөмөлгө алууга.
5.Эгерде мектепте кымбат жана сенсордук интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар чөнтөк телефон алып келсе, мугалим тарабынан алынып,ата-энеси мектепке чакырылып эскертүү берилет.Эгерде экинчи ирет кайталана турган болсо завуч жана ИДН менен биргеликте акт түзүлүп жыл аягына чейин мектеп администрациясына сакталып турушуна макул болууга.
6.Ата-энелер чогулушунан калбай өз баласынын кызыкчылыгы үчүн катышып турууга.
7.Баласынын сабактарына көз салып, күндөлүктөрүн жума аягында текшерип турууга.
8.Эгерде баланын ден-соолугу психикалык жана физикалык жактан жабыркаса сөзсүз түрдө тиешелүү адистерге кайрылуу.