СОШ №1 г.КАРА-БАЛТА Кара-Балта шаарындагы №1 жалпы билим берүү орто мектеби

Мектепке кабыл алуу жөнүндө

МЕКТЕПКЕ КАБЫЛ АЛУУ ЖӨНҮНДӨ
2022-2023 – окуу жылына балдарды биринчи класска электрондук каттоо mektep.edu.gov.kg сайтында төмөнкү графикке ылайык жүргүзүлөт:

Юридикалык жашаган жери боюнча
11-апрелден саат 09:00 27-июнга чейин саат 08:59га чейин

Чыныгы жашаган жери боюнча.
27-июндан саат 09:00дөн баштап 10-сентябрь саат 10:00гө чейин

каттоодон өтүңүз

Арыз берген ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн инсандыгын ырастоочу документтери (паспорт, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк), ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн жана баланын жеке идентификациялык номери болбосо, баланы мектепке каттоого мүмкүн эмес!

2022-жылдын 11-апрелине чейин ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр төмөнкүлөрдү даярдашы керек:

1.ата-эненин паспорту;
2.баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
3.жеке идентификациялык номер (ЖИН – ата-эненин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын паспортунда көрсөтүлгөн 14 сандан турган идентификациялык номер. Ал жок болгон учурда жашаган жери боюнча калкты тейлөө борборуна (КТБ) кайрылуу керек.
Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук порталында каттоо дарегинин болушун текшерүү.

Ата – эне/ мыйзамдуу өкүл баланы биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алгангандан кийин, учурдагы жылдын 1-августунан баштап 10-сентябрынан кечиктирбестен мектепке окуучунун тастыктоочу документтерин берүүгө милдеттүү:

1.туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
2.ата-эненин,мыйзамдуу өкүлүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү же тиешелүү документтери;
3.форма 63,форма 26 түп нускадагы мед справкалары;
4.сүрөт 3*4 форматта 4 даана;
5.Омс көчүрмөсү;

Программалык деңгээлдеги система жарандардын төмөнкү жеңилдетилген категорияларына артыкчылык берет:

аскер кызматчыларынын балдары;
бир жылдан кем эмес иштеген мектептердин мугалимдеринин жана кызматчыларынын балдары;
кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар;
1 – августан баштап 10-сентябрга чейин мектепке тастыктоочу документтерди алып барбаган учурда бала 1-класска кабыл алынбайт.


https//mektep.edu.gov.kg