СОШ №1 г.КАРА-БАЛТА Кара-Балта шаарындагы №1 жалпы билим берүү орто мектеби

Мектептин формасы

Окуучунун сырткы кѳрүнүшү

Мектептин уставынын 8.5 пункту.   Мектепте  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2014–жылдын 15–июлундагы “Окуучулардын мектеп формасын бекитүү жөнүндө” №3528/1 буйругу менен бекитилген окуучулардын бирдиктүү мектептик формасына коюлган талаптар аткарылат.

Окуучулардын сырткы кѳрүнүшүнѳ негизги талаптар

  • Тазалык, тыкандык.
  • Баардыгы үчүн кийимдин негизги стандарты: ишкердик стиль.
  • Сырткы кѳрүнүш коомдо кабыл алынган ишкердик стилдин нормаларына туура келиши керек жана туура эмес деталдарды камтыбаш керек.
  • Кыздардын узун чачтары ѳрүлгѳн, ал эми орто узундуктагы чачтары чач байлагыч менен жыйналган болуу керек.
  • Балдар жана ѳспүрүмдѳр убагында чачтарын тегиздетип туруулары керек (классикалык чач тегиздѳѳ).

1-класстан 11-класска чейинки мектептик  форманын толук сыпатталышы

Балдар жана ѳспүрүмдѳр үчүн:  кара костюм жана классикалык үлгүдѳгү шым, бир тондуу ак кѳйнѳк;

      Кыздар үчүн: кара пиджак, тизеден 5 смден ѳйдѳ болбогон классикалык үлгүдѳгү юбка же классикалык стилдеги шым, бир тондуу ак блузка.

Спорттук форма: Бардык  окуучулар дене тарбия сабагы үчүн спорттук форманы жана спорттук бут кийимди кийүүлѳрү керек.

Болбойт:  дене тарбия сабагына мектептик формада, джинсы жана спорттук эмес бут кийим менен катышууга.

Окуу учурунда тѳмѳнкү кийимдердин жана бут кийимдердин варианттарын кийүүгѳ уруксат эмес:  

  • Терең кѳнүлдү бурдура турган кѳзгѳ комсоо адаттан тышкары бѳлүктѳр, жылтырак жиптер, ошондой эле ѳтѳ ачык ѳңдѳр кийимде жана бут кийимде болбошу керек;
  • Ар кандай ѳңдѳгү джинсы;
  • Ѳтѳ денеге чапталган, фигураны кѳрсѳткѳн юбка, шым жана лосиналар;
  • Далыны жана курсакты кѳрсѳткѳн ѳтѳ кыска блузкалар;
  • Мини-юбкалар ( тизеден 10см ѳйдѳ узундуктагы).
  • Декольтеси ачык блузкалар;
  • Ѳтѳ жука юбка менен блузкалар, ошондой эле жука курактары бар кийимдер;
  • Ич кийим жана джинсты стилиндеги кийимдер;
  • Ар кандай пулеверлер жана токулган кофталар;
  • Спорттук кийим (спорттук костюм жана анын бѳлүктѳрү), спорттук бут кийим;
  • Активдүү эс алуу үчүн кийимдер (кыска шым, майка, футболка ж.у.с.)

Уруксат эмес.: адаттан тышкары чач  тегиздетүүлѳр, чачтарды ачык, табыгий эмес ѳңдѳргѳ боё.

Ачык макияжга уруксат эмес: кирпиктерди, кѳздѳрдү эринди боегон жана ачык маникюр.

Кийимдин бѳлүгү катары  оор брошкаларды, чынжырларды, шакек, кулон, сѳйкѳ, шарф, жамынма, палантиндерди колдонууга уруксат эмес.