«Жыл мугалими-2024» сынагынын Райондук туру.
«Жыл мугалими-2024″ сынагынын Райондук туру ѳткѳрүлдү.Мында педагогикалык чеберчилиги боюнча мугалимдер күч сынашты.Сынакка район боюнча 56 мугалим жана бала бакчанын тарбиячылары катышты. Билим жана илим министирлигинин Жобосуна ылайык 4-тур менен ѳткѳрүлдү.1-тур педагогикалык эссе жана тесттик тапшырмалар.
2-тур Мастер класс. 3-тур сабак . 4-тур стендап. Тандалып отуруп акыркы турга 5 мектептин мугалими жана 2 тарбиячы калды. Акыркы чечүүчү тур Кара-Балта шаарындагы №12 ЖББ орто мектебинде ѳткѳрүлдү.Бул сынакка биздин мектептин англис тили мугалими Карабаева Эркехан Турдуниязовна катышып,»Жылдын мыкты англис тили мугалими » -деген номинацияга ээ болду.Сынакка Кыргызстан профсоюздар федерациясынын тѳрагасы Жумадилде уулу Мурадил жана Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Туркбаев Тѳрѳгелди Калыбекович,ЖРББ башчысы Арыков Талант Каналбекович катышуучуларды белектер, грамоталар менен сыйлашты.
Комментарии