4-декабрь «Манас күнүнө» арналган иш чаралар.
«Манас» эпосу дүйнө жүзүндө ыр менен жазылган эң чоң эпикалык чыгарма, кыргыз элинин улуттук сыймыгы, дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Анын манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы вариантынын көлөмү эле жарым миллион саптан ашат.
Эпос буга чейин англис, немис, француз, орус, япон, монгол, венгер, кытай, казак тилдерине которулган.
«Манас» 2013-жылы ЮНЕСКОнун маданий мурастар шедеврларынын тизмесине киргизилген.
«Манас» эпосу дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары Гиннестин «Рекорддор» китебине да жазылган.
Биздин мектепте да «Манас күнүнө» арналган иш чаралар өтүлүп жатат.Кыргыз тили УБ нин жетекчиси Кожембердиева Светкуль Эсеналиевнанын демилгеси менен кыргыз тили мугалими Артышева Зинарат Бейшенбековна. 8-класстын окуучуларына сынак өткөрдү.
Комментарии