Жыл мугалим -2023
ЖЫЛ МУГАЛИМИ сынагы
2022-2023-окуу жылынын 23- январынан 5-февралына чейин мектеп ичинде ар жыл сайын мугалимдер арасында өткөрүлүүчү «Жыл мугалими» кароо-сынагы:
Жылдын мыкты мугалими номинациясы боюнча сынак болуп жатат.
Кароо-сынактын максаты:
Мугалимдердин кесиптик беделин жогорулатуу, анын кесиптик жана инсандык жактан өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү үчүн шарт түзүп берүү, таланттуу, чыгармачыл педагогдорду табуу.
Билим берүүдөгү алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу.
Педагогдордун эмгегин баалоо жана билим берүүнүн сапатын өркүндөтүү.
Сынакты өткөрүүдө калыстар тобу шайланып,ар бир критерий боюнча өздөрүнүн бааларын коюп беришти.
Калыстар тобу :
1.Мектептин ОТИ боюнча директордун орун басары Чотова Элнура Ибраимовна
2.Тарбия иштери боюнча директордун орун басары Караева Перизат Рыскелдиевна
3.Башталгыч класстардын ОТИ боюнча директордун орун басары Токтогул кызы Чолпон
4.Башталгыч орус класстардын УБнин башчысы Николенко Светлана Викторовна
5.Башталгыч кыргыз класстардын УБнин башчысы Усарова Кызылкул Асановна
6.Орус тили Убнин башчысы Рохлина Татьяна Ивановна
7.Кыргыз тили УБнин башчысы Кожембердиева Светкуль Эсеналиевна
8.Орус тили мугалим Жихарева Наталья Николаевна
Катышуучулар :
1. Орус тили мугалими Токторов Майрамбек Акматович
2.Математика мугалими Камалидин кызы Асел
3.Башталгыч класстын мугалими Ажибекова Айсулуу
4.Башталгыч класстын мугалими Калыгул кызы Мээрим
5.Тарых мугалими Досманбетова Гулнура Кадырбековна
6.Кыргыз тили мугалими Артышева Зинарат Бейшенбековна
Жылдын мыкты мугалим номинациясынын критерийлери:
1.Тест педагогикалык жана методикалык тестирлөө
(тесттерди график (23.01.23) боюнча белгиленген мөөнөттө тапшырышты)
2.Эссе
Темалары а) Окутуудагы заманбап көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору.
б) Мен ийгиликтүү мугалиммин.
в)Тарбия -бул улуу иш,ал адамдын тагдырына таасир этет
Бир күнгө белгиленип жазышты.
3.Ачык сабак
тема календардык план менен дал келүүсү керек
канчанчы класска сабак бере тургандыгын катышуучу мугалим ѳзү тандайт Сабак-40 мүнѳт 5 минута анализ берилет
4. Мастер класс (7 мин). Предметке байланыштуу каалаган тема боюнча өтүлөт Сабак берген класстагы окуучулардан тандап алышат.
5.Визиттик карта чыгармачылыгын көрсөтөт.
Конкурстун жүрүшү боюнча тартылып алынган көз ирмемдер
18-февралда 2023-жылы «Жыл мугалими-2023» сынагы болуп, сынакка 6 мугалим катышып,жеӈүүчүлѳр аныкталды.
1-орунду Калыгул кызы Мээрим 1000 сом жана грамота менен сыйланды.
2-орун Досманбетова Гульнура Кадырбековна 800 сом жана грамота менен сыйланды.
3-орун Артышева Зинарат Бейшенбековна 500 сом жана грамота менен сыйланды.
Комментарии